• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белек кылды

Ден соолук 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Өзбекстан Кыргызстанга 20 тез жардам унаасын белек кылды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-мартта Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына барышкан.

undefined

Бул технопарк жогорку технологиялуу, атаанташтыкка жөндөмдүү, экспортко ылайыкташкан жана импортту алмаштыруучу өндүрүштү түзүү милдеттерин иш жүзүнө ашырууга багытталган өнөр жай ишканалар тобун камтыйт.

«Мамлекет башчылары технопарктын көргөзмө залына барышып, электромобилде өндүрүш цехтерин, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукцияларды көрүп чыгышты. Ошону менен бирге технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык иштеп чыгууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 тез жардам унаасы белек катары берилди», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанда мамлекеттик сапары менен болду.

Пикир

Оставить комментарий