• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Маевкада тоноочулукка шектелип өспүрүм балдар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Маевкада тоноочулукка шектелип өспүрүм балдар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 1-мартына караган түнү болжол менен саат 01:30 чамаларында Аламүдүн районунун Маевка айылындагы көчөлөрдүн биринен 16-18 жаш курактагы үч бейтааныш балдар 15 жана 16 жаштагы балдарга күч колдонуп, телефондорун жана акча каражаттарын тартып алышып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББинин жана Аламүдүн РИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 16 жаштагы Б.Э, А.Э. жана Ж.А. аттуу балдар кармалышкан.

Териштирүү учурунда кармалган балдардын дагы эки кылмышка тиешеси бар экендиги такталган.

Учурда алардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин текшерүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда

Пикир

Оставить комментарий