Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Өзбекстан Кыргызстанга дагы бир гуманитардык жардам жөнөтөт.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жакынкы күндөрү Кыргызстанга 400 атайын оорукана контейнерин жана 3 миң тонна буудай жөнөтөт.
Эскерте кетсек, кечээ, 15-ноябрь күнү Кыргызстанга Өзбекстандан гуманитардык жардам келген.
"Кыргыз тарап көрсөтүлүп жаткан колдоону жогору баалап, боордош Өзбекстан элине өлкөдө коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу иш-чараларынын алкагындагы кезектеги колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет", - деп айтылат маалыматта
Пикир
Оставить комментарий