• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Өзбекстан Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан т/ж куруу боюнча долбоордук компанияга $255 млн инвестиция салат

Экономика 0

Ташкент, 12.07.24. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстан тарап Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча биргелешкен долбоордук компаниянын уставдык капиталына 255 миллион доллар инвестиция салат, деп айтылат Өзбекстан Республикасынын мыйзамдарынын улуттук маалымат базасынын Lex.uz сайтында.

Маалыматта "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" биргелешкен долбоордук компаниясынын уставдык капиталындагы Өзбекстандын өкмөтүнүн үлүшүнүн бир бөлүгүн түзүү Реконструкциялоо жана өнүктүрүү фондунун "Өзбек темир жолдору" компаниясына бөлүнгөн 255 млн доллар кредиттери эсебинен ишке ашырыла тургандыгы айтылган.

2024-жылы 14 млн доллар бөлүнөрү белгиленген. Насыялар 15 жылдык мөөнөткө, анын ичинде жылдык 5 пайыздык үстөк менен 7 жылдык жеңилдетилген мөөнөткө берилет.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 6-июнунда Пекинде кол коюлган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоорун биргелешип ишке ашыруу боюнча кызматташуу келишимине ылайык, Кыргызстандын аймагында жергиликтүү мыйзамдарга ылайык биргелешкен долбоордук компания түзүлүүдө. Компаниядагы Кытайдын үлүшү 51%ды, Кыргызстандын 24,5%ды жана Өзбекстандын үлүшү 24,5%ды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий