• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Өзбекстан интернеттин ылдамдыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстандан артта калды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 21.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Бордор Азияда Өзбекстан мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстандан артта калды. Бул тууралуу бүгүн маалымат каражаттары Speedtest Global Indexке шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Учурда Борбор Азияда мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча Казакстан алдыда келе жатат. Ал 53,76 Мбит/сек жүктөө ылдамдыгы менен дүйнөдө 57-орунду ээледи.

Андан кийин 70-орунда Кыргызстан турат, бирок октябрдан бери жүктөө ылдамдыгы 39,00 Мбит/сек (0,97 Мбит/сек) чейин төмөндөгөн.

Ал эми Өзбекстан ылдамдыгын 37,03 Мбит/сек (1,94 Мбит/сек) чейин төмөндөтүп, 72-орундан 73-орунга жылды.

Тажикстан менен Түркмөнстан дагы деле рейтингде жок.

Мобилдик интернеттин ылдамдыгы боюнча дүйнөлүк лидерлерге келсек, бул алдыңкы үчтүк өзгөрүүсүз бойдон калууда. Биринчи орун – БАЭ (453,87 Мбит/сек), экинчи – Катар (383,50 Мбит/сек) жана үчүнчү – Кувейт (257,30 Мбит/сек).

Афганистан болсо кадимкидей дүйнөлүк рейтингде акыркы орунда (110-орун, 8,20 Мбит/сек) калууда.

Пикир

Оставить комментарий