Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Фридрих Шиллер атындагы Йена университетинин окумуштуулары туура эмес тамактануу боюнча өлкөлөрдүн рейтингин түзүштү. Эң жогорку көрсөткүчкө Өзбекстан ээ болду.
Иликтөөнүн жыйынтыктарына ылайык, 1990-2016-жылдар аралыгында Өзбекстанда 100 миң кишинин 394тү зыяндуу азык-түлүк менен тамактануунун курмандыгы болгон.
Рейтингде алгачкы 11 орунду мурдагы советтик өлкөлөр ээлешкен. Экинчи жана үчүнчү орунда Түркмөнстан менен Кыргызстан турат.
Андан ары тизмеде Украина, Молдова, Азербайжан, Беларус, Тажикстан жана Казакстан жайгашкан. Орусия 100 миң кишинин ичинен 291 өлүм көрсөткүчү менен онунчу катарда.
Иликтөөнүн авторлору бул өлкөлөрдүн жашоочулары тузду көп колдонорун, жашылчаларды аз пайдаланышарын белгилешкен.
Европада туура эмес тамактануунун айынан өлүм көрсөткүчү жогору болгон өлкө – Германия. Окумуштуулардын маалыматына караганда, Испания, Израиль жана Франция жашоочулары туура тамактанууга өзгөчө көңүл бөлүшөт.
Пикир
Оставить комментарий