Өзбекстан украин дары-дармектерин киргизүүгө уруксат берди

Дүйнө 0

Бишкек, 05.12.18 /Кабар/. Дээрлик бир айга созулган бейрасмий тыюу салуудан кийин Украина кайрадан Өзбекстанга дары-дармек жеткире баштады.

3-нобярда өзбек тарап украин дары-дармектерин бажыдан өткөрүүнү токтоткон. Учурда бул товарлар үчүн Өзбекстан кайрадан чек арасын ачты. Жакында украин шекерин алып кирүү маселеси да чечилери күтүлүүдө. Бул тууралуу өзбек басылмалары украин фармацевтикалык компанияларына жана өкмөттөгү булактарына таянуу менен билдиришти.

Украинада Өзбекстан жеңил автоунааларынын импортуна карата иликтөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу, Ташкент дары-дармектерди бажыдан өтөрбөй жатканы айтылган. Өзбек тарап бул иликтөөнү өзбек продукцияларын украин базарынын сүрүп чыгаруу катары баалаган.

30-ноябрда Өзбекстан украин шекеринин импортуна да тыюу салганы кабарланган.

Маалыматтарга караганда, 2017-жылы Украина 279,9 миллион долларга 598,7 миң тонна кант экспорттогон. Анын 60 пайызын Өзбекстан сатып алган.

Пикир

Оставить комментарий