• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түз эфирде сүйлөп жаткан апасын ыңгайсыз абалга салган баланын видеосу

Дүйнө 0


Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. NBC телеканалынын түз эфиринде алып баруучунун баласы апасына тоскоолдук жаратып, эфирди аз жерден токтотуп коеюн деди. Анын тасмасын аталган телеканал Youtube порталына жүктөгөн.

Алып баруучу Кортни Кьюб түз эфирден Сириядагы абал тууралуу айтып жатканда анын баласы эфирге чыгып, апасын кучактаган. Кьюб ыңгайсыз абалда болуп: "Кечиресиздер, бул жакта менин балам", - деп жооп берген.

Эскерте кетсек, 2017-жылы профессор Роберт Келли Би-би-си телеканалына Түштүк Кореядагы саясий абал туурасында маалымат берип жатканда бөлмөсүнө анын балдары чуркап кирген болчу. Тасма ал учурда бир топ көрүүчүлөрдү өзүнө тарткан. Кээ бир комментаторлор, ал күндөгү эфирден чыккан эң кызыктуу берүү болгонун айтышкан.

Пикир

Оставить комментарий