• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Өзбекстан жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө 2 млрд долларлык инвестиция тартат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 13.12.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Келерки жылы Өзбекстандын жеңил өнөр жай тармагына 2 млрд доллардан ашуун чет элдик инвестицияны тартуу пландалуда. Бул тууралуу күн мурун президент Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда өткөн жыйында айтылды, деп кабарлайт өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Бул каражаттын эсебинен 82 ири долбоор ишке ашырылат. Натыйжада 25 миң жаңы жумуш орундарын түзүү пландаштырылган. Текстиль продукциясын экспорттоо көлөмүн 4 млрд долларга, ал эми булгаары продукциясын 250 млн долларга жеткирүү мерчемделүүдө.

Ошондой эле азыркы татаал мезгилде тышкы рыноктордогу кырдаал тездик менен өзгөрүп жаткандыгы, бул жипке, кездемеге жана даяр продукцияга экспорттук баанын төмөндөшүнө алып келгени, экспорттук багыттарда даяр продукцияга болгон талаптын азайышы айтылды.

Жыйында бул шарттарга ылайыкташтыруу жана ички ресурстарды толук мобилизациялоо боюнча иш-чаралар талкууланды. Дүйнөлүк рынокто пахта буласынын баасынын төмөндөшүнүн шартында буланы жана жипти тереңдетип кайра иштетүүнү жогорулатуу, жипти иштетүүнүн деңгээлин 70%га жеткирүү милдети жүктөлдү.

Мындан тышкары, келерки жылы кой-эчкинин терисин экспорттоого 10 пайыздык салык алып салынат. Мунун натыйжасында быйыл 3 млн долларлык экспорттук келишимдер түзүлдү.

Булгаары өнөр жайындагы кадрлардын жетишсиздиги көйгөйүн дуалдык окутуу жолу менен чечүү сунушталды. Ушул максатта Анжиян, Наманган, Фергана, Самарканд жана Ташкент облустарынын алдыңкы ишканаларын жергиликтүү техникумдар менен байланыштыруу пландаштырылууда.

Эскерте кетсек, учурда мамлекеттин бул тармагында 430 миң киши эмгектенет. Жеңил өнөр жайдын жалпы өндүрүштөгү үлүшү 14%ды, экспорттогу үлүшү 16%ды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий