• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өзбекстанда Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган адабий кече болуп өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 13.12.20. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Ташкент облусундагы Паркент районунун аймагында жайгашкан № 33 кыргыз мектебинде 12-декабрда Ч. Айтматовдун туулган күнүнүн 92 жылдыгына арналган адабий кече болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигине аталган мектептин директору Кубанычбек Жаматов билдирди.

Анын айтымында, Чынгыз Айтматовтун чыгармалары өзүнүн өзгөчөлүгү, терең мазмундуулугу менен дүйнө адабиятынын алтын мурасына айланды жана жалпы инсаниятты, айрыкча жаш муунду гумандуулук рухунда тарбиялоодо, аларды чыныгы адам кылып калыптантырууда зор мааниге ээ.

«Биз күн сайын мектепке киреерде Чыңгыз атабыздын бейнеси сүрөттөлгөн эстеликке таазим кылып өтөбүз. Бул бизде зор сыймык жана чоӊ милдет жаратат. Жалпы жамаатыбыз, бардык окуучуларыбыз ушуга татыктуу болушубуз керек», - деп айтты ал.

Адабий кечеде мектеп окуучулары «Манас» эпосунан үзүндүлөр аткарып, Чыңгыз Айтматовтун чыгармалары негизинде даярдалган сахна көрүнүштөрүн, кыргыз акындарынын чыгармалары жана элдик бийлерди тартуулашты.

Кече алкагында мектеп жамааты жана жергиликтүү коомчулук тарабынан Айтматовтун эстелигине гүлдөр коюлду.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевтин атайын жарлыгы менен мамлекетте Чыңгыз Айтматовтун 90 жылдыгын майрамдоо алкагында 2018-жылы бул мектепке улуу жазуучунун бюсту орнотулган.

Пикир

Оставить комментарий