Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 вирусун 555 адам жуктурганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Кечээ, 8-апрелдин маалыматына ылайык, илдетти жуктуруп алган жаңы 26 учур катталган жана коронавирусту жуктуруп алган 1 жаран каза болгон.
Жалпы 30 адам илдеттен айыкса, коронавирусту жуктуруп алган 3 жаран каза болду.
Өзбекстанда коронавирусту жуктурган алгачкы учур 15-мартта катталган.
Пикир
Оставить комментарий