Ташкент, 11.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстанда 2025-жылга карата мамлекеттик программанын алкагында жаңы "Миллион жашыл үй-бүлө" долбоору сунушталууда, деп маалымдайт Өзбекстан-2030 – калк стратегиясы онлайн порталы.
Акциянын алкагында бийлик жөө басууну жайылтуу менен алектенет. Күнүнө 10 миң кадам таштаган жарандарга "Экоактивдүү атуул" макамы берилет. Ал эми эң жогорку көрсөткүчкө жетишкендерге болсо мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө 10 пайыздык жеңилдик, ошондой эле мамлекеттик үлүштөр менен банктардагы керектөө кредиттерине жеңилдиктер берилет.
Ал эми үй-бүлөнүн бардык эр жеткен мүчөлөрү "Экоактивдүү атуул" наамын алышса, үй-бүлө мамлекет боюнча жалпы 14 электромобиль ойнотулган лотереяга катыша алат.
Мындан тышкары, үй-бүлөлөрдүн жарымы "жашыл" деп таанылган махаллалар (кварталдар жана айылдар) сынакка катышып, балдар аянтчаларын куруу бак-дарактарды жаратуу жана таштанды чыгаруучу жайларды уюштуруу үчүн 500 млн сум (38,6 миң доллар) үчүн ат салышат.
Эскерте кетсек, Өзбекстанда 2021-жылы жөө жүргүнчүлөрдү шыктантыруу максатында "Сергек жашоо" долбоору жүзөгө ашырылган. Ал кезде күнүнө 10 миң кадам таштаган жарандарга 3 миң сум (0,23 доллар) төлөнгөн, бирок бир жылдан кийин бул демилге токтоп калган. Ошондо акчалай төлөмдөр байгелер жана белектер менен алмаштырылары айтылган.
Пикир
Оставить комментарий