Өзбекстанда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы белгиленди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 15.05.24. /Кабар/. Өзбекстандын Жизак облусундагы Манас айылында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы белгиленди.

Иш-чара аталган айылдагы №5 мектепте өтүп, ага Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев катышты.

Өз сөзүндө элчи бардык катышуучуларды Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгы менен куттуктап, тарыхый жана маданий мурастарды сактоодо билим берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Элчи ошондой эле билим уясына кыргыздын улуттук аспабы болгон комузду тапшырды.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жана айыл өкмөттүн кызматкерлеринин ортосундагы футбол боюнча жолдоштук беттеш өткөрүлдү.

Эске салсак, 2018-жылы Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен “Обод кишлок” мамлекеттик программасы иштелип чыккан. Биринчи пилоттук долбоорду ишке ашыруу калкынын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзгөн Манас айылында башталган. 45 күндүн ичинде февраль айынан март айына чейин артта калган айыл өлкөдөгү эң алдыңкы айылдардын бирине айланган.

Пикир

Оставить комментарий