• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Өзбекстанда химиялык зат ичип алган окуучунун өлүмү боюнча териштирүү башталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Фергана облусунда 9-класстын окуучусу белгисиз химиялык заттан өлгөнүн тастыктады. Буга чейин маркумдун туугандары “классташтары ага зордоп химикат жуткурганын” билдиришкен.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 15-февралда 16 жаштагы өспүрүм үйүнөн белгисиз зат ичип алып, 26-февралда ооруканада көз жумган.

9-класстын окуучусу тирүү кезинде белисиз затты №17 мектептин 10-классынын окуучусунан алып, үйүнө келип ичип алганы тууралуу түшүнүк кат жазып берген.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, химиялык заттын мектептин лабораториясында сакталышы боюнча териштирүү жүрүп, бирок мыйзам бузуулар аныкталган эмес. Мектепте окуучуга кысым көрсөтүлгөн деген маалыматтар дагы тастыкталган жок.

Бирок маркум кайсыл химиялык затты ичип алганы азыркыга чейин так белгисиз.

Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмү боюнча химиялык заттан улам баланын ичегилери, ашказаны эзилип, он эки эли ичегиси химиялык күйүк алган.

Расмий маалматтар боюнча сот тарабынан дайындалган химиялык экспертиза уланууда.

Пикир

Оставить комментарий