• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктурган дагы бир жаран каза болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.05.20. /Кабар/. Наманганда кечээ короновирус инфекциясын жуктурган эркек киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Бейтап жүрөк кемтиги жана дем алуу органдарынын оорусу менен 20-апрелде Республикалык тез медициналык жардам илимий борборунун Наманган облустук филиалына жаткырылган. Лабораториялык анализдерден соң, анда коронавирус бар экендиги аныкталган.

Ал бир нече оорулар менен жабыркап келген жана 29 жылдан бери I топтогу майып болгон.

Бейтап 14 күндөн бери өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. Бирок, көрсөтүлгөн жардамдарга карабастан, ал дем алуу жетишсиздиги жана өпкө-жүрөк ооруларынан каза болду.

Акыркы маалыматтарга караганда, Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2149 адамды түзөт. Ал эми айыгып чыккандардын саны 1319ду түзсө, 10 адам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий