• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 44 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 44 миң 107 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 299 жаңы учур катталды. Ал эми 397 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан 41 миң 594 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 356 бейтап каза болду. 2 миң 157 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 430 адамдын абалы оор болсо, 224үнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий