• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 63,7 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 63 миң 737 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 307 жаңы учур катталды. Ал эми 316 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 бейтап каза болду.

Өзбекстанда коронавирустан жалпы 60 миң 717 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 529 бейтап каза болду. 2 миң 487 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

Пикир

Оставить комментарий