• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Түркмөнстанда жаныбарлардын укугун коргогон активист камактан чыкты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.12.17 /Кабар/. Түркмөнстанда жаныбарлардын укугун коргоо менен алектенген активист Галина Кучеренко 15 сутка камакта жаткандан кийин 22-декабрда эркиндикке чыкты. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына анын жакындары кабарлашты.

Ашхабадда жашаган Галина Кучеренко менен кызы Валерияны 7-декабрда үйүнөн күч менен кармап кетишкен. Ошол эле күнү кызына айып пул салынып, ал кое берилген. Активисттин өзүнүн тагдыры бир нече күн белгисиз болуп, 12-декабрда гана анын кызына жолугушуусуна уруксат берилген. Кучеренко 15 сутка Ашхабаддын четиндеги атайын жайда кармалып турган.

Активисттин жакындары билдиришкендей, ал батиринде кармалган мышыктар менен иттерден улам жаралган антисанитарияга даттанган коңшуларынын арызынын негизинде кармалган. Кызы Валериянын айтымында, ал 7-декабрда үйүнө келгенде батирдеги мышыктар менен иттердин жок экенин, үй ичинин чачылганын жана андагы кандын издерин көргөн.

Эл аралык укук коргоо уюмдары түркмөн бийлигинин бул аракетине тынчсыздануусун билдиришип, Кучаренконун тез арада бошотулушун талап кылышкан.

Галина Кучеренкону буга чейин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү социалдык түйүндөрдөгү сын-пикирлери үчүн бир нече жолу опузалашкан. Ал Түркмөнстанда үй жаныбарларын жапырт түрдө кырууга каршы чыгып келет.

Пикир

Оставить комментарий