• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстанда акыркы суткада 2 миң 765 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.07.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 765 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 797, Алматы шаарында - 385, Шымкент шаарында – 131, Акмоло облусунда – 98, Актөбе облусунда - 35, Алматы облусунда - 88, Атырау облусунда - 137, Чыгыш-Казакстан облусунда – 83, Жамбыл облусунда – 37, Батыш-Казакстан облусунда - 157, Караганда облусунда - 463, Костанай облусунда - 53, Кызылорда облусунда - 33, Мангистау облусунда - 142, Павлодар облусунда - 65, Түндүк-Казакстан облусунда - 20, Түркестан облусунда – 41 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 430 миң 928 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий