Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 8,6 миңден ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 8 миң 627 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 329 учур катталган. Ал эми 186 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 2 бейтап каза болду.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Өлкөдө 1-июлдан тартып карантиндик чектөөлөр күчөтүлдү. Чечимге ылайык, санитардык-дезинфекциялык иштерди жүргүзүү үчүн кийим-кече саткан ири базарлар менен соода комплекстери ишемби жана жекшемби күндөрү толук жабылат.

«Кызыл» жана «сары» карантиндик аймактардагы коомдук жайларда эртең мененки саат 07:00дөн кечки 23:00гө чейин үч кишиден көп чогулууга, 23:00дөн 07:00гө чейин көчөгө жана көп кабатуу үйлөрдүн короолоруна чыгууга тыюу салынат

Өзбекстанда санитардык-эпидемиологиялык абал оор болуп турган өлкөлөрдөн келген жарандарга өз эсебинен мейманканаларга карантинге жайгашуусуна уруксат берилген.

Учурда өлкөдө 8 миң 627 адам илдет жуктурса, анын 5 миң 683ү айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 26 бейтап каза болду. 2 миң 919 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 21инин абалы оор болсо, бешөөнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий