Өзбекстанда Султан Раевдин “Маң” чыгармасынын негизинде коюлган спектакль көрсөтүлдү

Маданият 0

Ташкент, 04.06.24. /Тѳлѳнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандагы Бухара облустук драма театрында Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин “Маң” (өзбекче “Овсар”) пьесасы негизинде “Найман эненин ыйы” аталыштагы психологиялык драманын премьерасы болуп ѳттү. Бул тууралуу бүгүн Ѳзбекстан Маданият министрлигинин басма сѳз кызматынан билдиришти.

Ѳзбекстан мамлекеттик маданият жана искусство институтунун профессору, философия илимдеринин доктору Виктор Алимасовдун айтымында, чыгарманын мазмуну жана формасы, андагы философиялык тереңдик, ошондой эле режиссердук интерпретация, артисттердин мыкты актердук таланттары спектаклда илгери сүрүлгѳн идеянын маани-маңызын ачып берүүдө өзгөчо роль ойногон.

“Татаал психологиялык драманы театр башка бир ракурста берген, ошону менен бирге спектаклдеги күтүүсүз табылгалар, экспрессия, метафора, ички коллизия оюндун мазмундук ажарын ачып турат”, - дейт окумуштуу.

Чыгарманын автору, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев мындан бир ай мурда Бухара шаарында болуп, спектаклдин башкы репетициясына катышып, театр жамаатына ѳз ыразычылыгын билдирип, өтө жогорку деңгээлдеги спектакль болгонун айткан эле.

Эскерте кетсек, буга чейин өзбек сахнасында Султан Раевдин “Ханышанын көз жашы”, “Барс бек”, “Илегилек” “Топон”, “Маң” драмалары коюлган.

Пикир

Оставить комментарий