• 87
  • 90.41
  • 0.84

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 158 учур катталды. Жалпы 5855

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 5 миң 855 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 158 учур катталган. Ал эми 68 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Ал эми 15-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен эл аралык аба каттамдары, кафе-ресторандар, кийим-кече саткан базарлар, жеке мектепке чейинки мекемелер өз ишин жанданткан.

Учурда өлкөдө 5 миң 855 адам илдет жуктурса, анын 4 миң 199 айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 19 бейтап каза болду. 1 миң 637 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 12синин абалы оор.

Пикир

Оставить комментарий