• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 230 учур катталды. Жалпы 7228

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 7 миң 228 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 230 учур катталган. Ал эми 202 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Ал эми 15-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен эл аралык аба каттамдары, кафе-ресторандар, кийим-кече саткан базарлар, жеке мектепке чейинки мекемелер өз ишин жанданткан.

Өзбекстанда санитардык-эпидемиологиялык абал оор болуп турган өлкөлөрдөн келген жарандарга өз эсебинен мейманканаларга карантинге жайгашуусуна уруксат берилди.

Учурда өлкөдө 7 миң 228 адам илдет жуктурса, анын 4 миң 877 айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 20 бейтап каза болду. 2 миң 331 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 19унун абалы оор болсо, жетөөнүн абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий