• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 268 учур катталды. Жалпы 5561

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 5 миң 561 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 268 учур катталган. Ал эми 77 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өзбекстанда карантин 1-августка чейин узартылды. Аймактардагы эпидемиологиялык абалга жараша "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр коюлган.

Ал эми 15-июндан тарта “сары” жана “жашыл” аймактарда карантиндик коопсуздук чараларын сактоо талаптары менен эл аралык аба каттамдары, кафе-ресторандар, кийим-кече саткан базарлар, жеке мектепке чейинки мекемелер өз ишин жанданткан.

Учурда өлкөдө 5 миң 561 адам илдет жуктурса, анын 4 миң 96сы айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 19 бейтап каза болду. 1 миң 446 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын 13үнүн абалы оор.

Пикир

Оставить комментарий