Өзбекстанда сутка ичинде коронавирус жуктурган 348 учур катталды. Жалпы 41 миң 651

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 41 миң 651 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 348 жаңы учур катталды. Ал эми 460 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты. Кайрадан "кызыл", "сары" жана "жашыл" сыяктуу карантиндик чектөөлөр киргизилди.

Өзбекстанда коронавирустан 38 миң 819 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 317 бейтап каза болду. 2 миң 515 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 250 адамдын абалы оор болсо, 137инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий