Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен эч ким каза болгон жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустан 1 миң 59 адам каза тапкан.
Белгилей кетсек, 31-августка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан учурлардын саны 43 миң 898ди түзөт. Алардын ичинен 38 миң 459 бейтап айыгып, ооруканалардан чыкты.
Пикир
Оставить комментарий