• 87
  • 90.64
  • 0.85

Өзбекстанда жаңы өкмөт башчысы жана курамы бекитилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Күн мурун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасы жаңы министрлер кабинетинин курамына талапкерлерди карады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын сайтында маалымдалат.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрында Өзбекстандын министрлер кабинети Олий Мажлис палаталарынын жаңы чакырылышына байланыштуу отставкага кеткен. Президенттин жарлыгына ылайык, азыркы өкмөт жаңы министрлер кабинети түзүлгөнгө чейин ишин уланткан.

Президент Шавкат Мирзиёев 20-ноябрда Өзбекстандын премьер-министри кызматына Абдулла Ариповдун талапкерлигин сунуштап, жактырылган.

Ошондой эле мамлекет башчынын сунушу менен депутаттар министрлер кабинетинин мүчөлүгүнө 24 талапкерди карап, бекитти. Президент өкмөттүн жаңы курамы тууралуу жарлыкка кол койду.

Өкмөттүн эски курамы кайрадан шайланды.

Пикир

Оставить комментарий