• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Өзбекстанда Жеңиштин 75 жылдыгын белгилөө боюнча атайын программа кабыл алынат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Өзбекстандын өкмөтү Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүү боюнча атайын программа кабыл алат. Бул тууралуу өкмөттүн алдындагы Эл аралык мамилелер жана достук байланыштар боюнча комитеттин төрагасы Рустамбек Курбанов билдирди.

Анын айтымында, программадагы негизги майрамдык иш-чаралардын бири Ташкентте «Жеңиш» паркынын ачылышы болот. Анда чыныгы окоптор менен блиндаждар жасалып, согуш жылдарындагы аскердик техникалар коюлат.

«Жеңиш» паркы быйыл жайында президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен Жеңиштин 75 жылдыгына карата курула баштаган.

Пикир

Оставить комментарий