• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстанда жеке турфирмаларга жарандарды умрага жөнөтүүгө тыюу салынды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Өзбекстан мусулмандарына жеке туристтик компаниялар аркылуу Сауд Арабияга кичи ажылык сапарга чыгууга тыюу салынды.

Өзбекстандагы эки туристтик фирманын өкүлдөрү турфирмалар аркылуу умрага барууну каалагандарга август айынан тарта виза берүү токтотулганын билдиришти.

Алардын айтымында, Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгы Сауд Арабиянын Дубайдагы элчилигиние кат жолдоп, жеке туристтик фирмалар аркылуу умра-виза берүүнү токтотууну сураган.

“Кечээ биздин фирма Өзбекстан Мусулмандар дин башкармалыгына кат менен кайрылды. Биздин башкы максат умра-виза берүүдөгү монополияны жокко чыгаруу болчу. Бирок Муфтият биз менен макул болгон жок” , – деди жеке турфирма өкүлү.

Өкмөт алдындагы Дин иштери боюнча комитет өзбекстандыктарды умрага жөнөтүү иштерин өз мойнуна алган. Комитет өкүлүнүн билдиришинче, бул чара кичи ажылык сапарга чыгууда бирдиктүү тартиптерди сактоо максатында кабыл алынган.

– Кичи ажылык сапар үчүн Сауд Арабияга барууга Өзбекстан жарандарына 6 миң квота берилген. Талапка ылайык, жарандар эки жылда бир жолу гана умрага бара алышат. Эгер алар жеке туристтик компаниялар аркылуу каалаган маалда зыяратка чыгышса, бул тартипти сактоо кыйын болуп калат, – деди ал.

Өткөн аптада Анжиян облусунун тургуну кичи ажылык сапар үчүн жеке туристтик компанияга 3000 доллар төлөп, Сауд Арабияга учуп кете албай калганы кабарланган. Турфирма кардары үчүн умра-виза даярдап бере алган эмес.

Пикир

Оставить комментарий