• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстанга аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан 5 тонна дарбыз кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.07.22. /Кабар/. Кыргызстанга аткезчилик жолу менен ташылып келе жаткан 5 тонна дарбыз кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын «Чоң-Гара» анклавынан Кыргызстандын аймагына кирүүгө аракеттенген К.О.Н. аттуу кыргыз жарынын башкаруусундагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унаанын текшерүүдө жалпы салмагы 5 миң кг, наркы 100 миң сомду түзгөн дарбыздар табылган. Дарбыздарды Өзбекстандан Кыргызстанга бажы көзөмөлүнөн тышкары мыйзамсыз түрдө ташып келүү аракети көрүлгөн.

Жагдайлар такталганга чейин унаа Баткен шаардык терминалынын аймагына жеткирилген. Бул факты КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилген.

Транспорт прокуратурасы тарабынан мыйзам бузуулардын бирдиктүү реестринен чыгаруу менен кылмыш ишин козгобоо чечими кабыл алынып, материалдар КР Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык чара көрүү үчүн Оперативдүү бажыга өткөрүлүп берилди.

Оперативдүү бажы К.О.Н. аттуу кыргыз жаранына карата укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин алкагында 60 миң сом айып салынган. Андан ары эки эселенген 116 865 сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүн алуу менен товарлар бажылык жактан таризделди.

Даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин КР Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 372-1-беренесинин эскертүүсүнүн талаптарына ылайык Mercedes-Benz унаасына карата материалдар сот органдарына конфискациялоо жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий