• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Өзбекстандын алтын кору 41 млрд доллардан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 10.10.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Дүйнөдө алтынга болгон баанын өсүшүнөн улам Өзбекстандын алтын-валюта резерви сентябрда дагы 2 миллиардга (+5%) көбөйүп, 1-октябрга карата 41,14 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбордук банктын резервдери соӊку үчүнчү ай катары менен өсүүдө: июлда ал 1,06 млрд долларга, августта 1,75 млрд долларга, сентябрда 1,98 млрд долларга көбөйдү. Мунун негизги себеби – дүйнөлүк валюта базарында алтындын наркынын көтөрүлүшү.

Ошол эле учурда, мамлекетте запасдагы алтындын физикалык көлөмү кайрадан бир аз (20 миң троя унцияга - 622 кг) кыскарган, ал эми жалпы запас 12,02 млн троя унцияны (373,9 тонна) түзөт.

Эксперттердин баамында, күтүлүп жаткан алтындын баасынын төмөндөшүнө жана учурдагы баланстын тартыштыгына байланыштуу Өзбекстандын реал валюталык резервдери 2027-жылга чейин азаят.

Борбордук банктын монетардык алтын резервдери алтын-валюта резервинин жалпы көлөмүнүн 80%дан ашыгын түзөт.

Пикир

Оставить комментарий