Бишкек, 25.11.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен генерал-лейтенант Баходир Курбанов Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Ал кызматка дайындалганга чейин республиканын коргоо министри болуп иштеген.
Документке ылайык, Өзбекстандын Коргоо министрлигин Шухрат Халмухамедов жетектемей болду. Буга байланыштуу ал Өзбекстандын коргоо министринин биринчи орун басары – Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы кызматынан бошотулду.
Коргоо министри катары Халмухамедов Мамлекеттик коопсуздук кызматынын (МКК) төрагасы болуп дайындалган Баходир Курбановдун ордуна келди.
Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Абдусалом Азизов Өзбекстандын президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын карамагына өттү.
Бул кадрдык өзгөрүүлөр Өзбекстандын башчысынын жарлыктарынын негизинде жүргүзүлүүдө.
Пикир
Оставить комментарий