• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашитжон Кадиров кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 24.02.18. /Толонбай Курбанов – Кабар/. ӨРнын мурдагы Башкы прокурору Рашитжон Кадиров кечээ, 23-февралда Өзбекстандын тиешелүү кылмыш жаза кодексине ылайык кармалган. Бул тууралуу ӨРнын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирет.

Мурдагы Башкы прокурор опузалоо, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, ошондой эле пара алуу боюнча айыпталууда.

Рашитжон Кадиров 2000-2015-жылдары Башкы прокуратураны башкарып турган, кийинчерээк Өзбекстандын Конституциялык сотунун судьясы (2015-2017) болуп дайындалган.

Учурда иликтөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий