• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мирзиёев, Путин жана Назарбаев Казакстанда жолугушту

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 20.10.18. /Кабар/. Россиянын, Өзбекстандын жана Казакстандын президенттери бүгүн Казакстандын Түркстан облусунун Сарыагаш аймагында расмий эмес жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу өзбек ЖМКлары Казакстандын президентинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдиришти.

Шавкат Мирзиёев жана Владимир Путин коңшу өлкөгө орус президентинин Өзбекстанга мамлекеттик иш сапары аяктаган соң Нурсултан Назарбаев менен жолугушуу үчүн барышкан.

Жолугушуу учурунда мамлекет башчылары өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда актуалдуу кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Андан тышкары Өзбекстандын, Казакстандын жана Россиянын КМШ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттеринин маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери козголду.

Пикир

Оставить комментарий