Өзбекстандын музыкалык драма театры Ошко гастролдоп келди

Маданият 0

Бишкек, 7-июнь /Кабар/. Оштогу З.Бабур атындагы музыкалык драма театрда 7-июнда алгачкы ирет Өзбекстандын Муким атындагы мамлекеттик театры «Жайдары келин” аталышындагы комедиясы менен гастролго келди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Ачылыш аземине Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов жана шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов катышты.

Шаардын мэри сөз сүйлөп, Өзбекстандан келген театр жетекчисине кыргыз жергесинин көз жоосун алган жаратылышы чагылдырылган сүрөт белек кылды.

Өзбекстандын мамлекеттик театры Ош шаарынан сырткары, Өзгөн, Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Жалал-Абадга гастролдоп барышат.

Пикир

Оставить комментарий