Бишкек, 25.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, аталган маселе боюнча демилгечилердин бири депутат Мирлан Бакиров баяндама жасады.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору аракеттеги “Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө” мыйзамдагы ички карама-каршылыктарды, боштуктарды жана ар түрдүүчү тариздөөлөрдү четтетүүгө багытталган. Анткени өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын пайдаланууну уюштуруунун, коргоонун айрым маселелери жеткиликтүү так эмес жазылган.
Колдонуудагы мыйзамдын негизги түшүнүгү болгон өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын (коруктар, завоведниктер, заказниктер) өзөк зонасын аныктоого экосистеманын өз алдынчалыгы үчүн зарыл болгон мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аянтынын 75% чегин түзгөн аймактын участогу деген өзгөртүү киргизилүүдө. “Мыйзамдагы айрым ченемдерди сактайбыз деп жергиликтүү тургундар менен пикир келишпестиктер чыккан фактылар бар. Мыйзам долбоорундагы түзөтүүлөр кабыл алынса өзгөчө корголуучу аймактын буфердик зонасы жана корголуучу зонасы кеңейип, ал жердеги жергиликтүү калк туристтик багыт сыяктуу айрым ишмердүүлүктөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошону менен катар экологиялык коридор, микро коруктар деген түшүнүктөр киргизилүүдө.
Талкууда комитет мүчөлөрү токой да сакталып, элге да пайдасы тийгендей, туристтер кирип көргөндөй болушу керектигин белгилеп, бирок токойлордо от жагылбашы, аңчылык кылынбашы керектиги белгиленди. Мындан сырткары, КР Өкмөтү, депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынгандыгы маалым болду.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда жактырылды.
Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча 10 жаратылыш коругу, 9 мамлекеттик корук жана бир нече заказниктер бар.
Эске салсак, мыйзам долбоорунун демилгечилери - Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Кубанычбек Нурматов, Рада Туманбаев, Абылкайыр Узакбаев, Осмонбек Артыкбаев.
Пикир
Оставить комментарий