Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Баткен облусунун Ак-Сай айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Таш айылындагы чек-ара маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чыр-чатактардын күч алганынан байланыштуу министр Бообек Ажикеев жерине чыгып кетти.
Эскерте кетсек, ӨКМдин Баткен облусундагы үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан жалпы 16 куткаруучу жөнөтүлгөн.
Пикир
Оставить комментарий