• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Чек арадагы чыр: Баткенге дарыгерлер жөнөтүлүп, реанимациялык жана хирургиялык койкалар даярдалууда

Коом 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал орун алган жерде тез жардамдын 3 бригадасы нөөмөттө турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага кошумча Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда 4 медициналык тез жардам бригадасы дайындалды, алар зарылчылык жаралса ишке тартылат.

Мындан тышкары, оорулуулар жана жабыркагандар үчүн Баткен облустук бириккен ооруканасында жана Исфана аймактык ооруканасында реанимациялык жана хирургиялык койкалар даярдалды.

“Бишкек жана Ош шаарларында нейрохирургия, травматология, кан тамыр хирургу, көкүрөк хирургу, анестезиологдон турган медициналык адистердин 2 бригадасы дайындалды, алар абал курчуп кетсе кесиптештерине жардам берүүгө жөнөп кетишет”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган.

Көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Окуядан жалпы 8 жаран жараат алган. Ошондой эле Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Чыр чатак орун алган аймактагы жарандар коопсуз жайларга көчүрүлгөн.

Мындан сырткары, чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий