• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кооптуу жайдан көчүүгө макул болбогондордун жарыгы, суусу өчүрүлөт – Боронов

Коом 0

Бишкек, 17-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жаратылыш кырсыктары болуу коркунучу бар аймактардын жашоочулары башка жакка көчүүдөн баш тартса, алардын суусу, жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы брифингде ӨКМ министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев кооптуу жерлерден жарандарды күч менен, тагыраагы алардын суусун, электр энергиясын өчүрүү жолдору менен көчүрүүнү сунуш кылган.

“Себеби биздин адистер ар дайым тургундарга барып, алардын кооптуу жерлерде жашап жатканын эскертип, көчүү керектигин билдиришет. Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мекемелеринин башчылары алардан көчөбүз деген тил кат алат. Бирок ал тил каттар жардам бербейт да”,-дейт Боронов.

Өз кезегинде Коопсуздук кеңешинин төрагасы Темир Жумакадыров мамлекет башчысы тарабынан бүгүнкү жыйында эки маселе көтөрүлгөнүн билдирди.

“Биринчи бул - жарандарды көчүрүү жана аларга тиешелүү шарттарды түзүп берүү экинчиси турак жайды сактап калуу. Бул жерде мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу мекемелердин ортосундагы байланыштын жоктугу себеп болууда. Президент бул тапшырманы аткарууда жооптуу тарапты так аныктоо тапшырмасын берди”,-деп билдирди Жумакадыров.

Мындан тышкары ал бул багытта жарандардын бардык шарттары каралган аймактарга көчүрүлүшү боюнча туура иш алып баруу зарылчылыгын белгиледи. Ошондой эле, Жумакадыров эки жыл мурун камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынганын эске салып, эгерде жарандар үйлөрүн камсыздандырган болсо, азыр компенсация боюнча маселе турмак эмес деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий