• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өзгөн райондук ооруканасында компьютердик томография борбору ачылды

Коом 0

Бишкек, 29.01.24./Кабар/. Бүгүн Өзгөн районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунда мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында бешинчи компьютердик томография борбору ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.

КТ борборунун имаратында жеке өнөктөш тарабынан капиталдык оңдоо жана жабдуу иштери жүргүзүлүп, "Neusoft Medical Systems" компаниясынын акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулары менен заманбап компьютердик томографиялык аппараты орнотулду.

Бул долбоордун алкагында 6 компьютердик томография борборун ишке киргизүү пландаштырылган, буга чейин Бишкек шаарында - Республикалык дарылоо-диагностикалык борборунда жана Бишкек шаардык тез жардам клиникалык ооруканасында, Балыкчы шаарынын жана Кадамжай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборлорунда 4 ушундай борбор ишке киргизилген.

Эми бул долбоордун алкагында Токтогул районунун Жалпы дарыгерлик практика борборунда компьютердик томограф орнотулат.

Кызматтын баасы жеке клиникаларга караганда арзан болот. Инвестициянын көлөмү 5 млн долларды түздү, долбоор инвестордун катышуусу менен 15 жылга ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий