• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Өзгөн районунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Бүгүн саат 08:25те Ош облусунун Өзгөн районунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун берген такталган маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен.

Жер титирөө Чымбай, Бакмал, Мырза-Аке, Куршаб, Кароол, Шералы айылдарында жана Өзгөн шаарында 3 балл, Мырза-Арык айылында 3,5 баллга (Кароол айылынан 30 чакырым түштүк батышта, Мырза-Арык айылынан 3 чакырым чыгышка, Чымбай айылынан 5 чакырым түштүк батышта, Куршаб айылынан 7 чакырым түштүк батышта, Салам-Алик айылынан 30 чакырым түштүк чыгышта, Жалал-Абад шаарынан 32 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий