• 87
  • 91.29
  • 0.84

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылындагы жер көчкү 3 турак үйдү толугу менен басып калды

Аймак 0

Бишкек, 16-апрель /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Кысык-Алма айылындагы Чырмаш участкасында 2017-жылдын 15-апрель күнү жаңы пайда болгон жер көчкү жүргөн. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, аталган жер көчкү 3 турак үйдү толугу менен басып, 1 турак үйгө жакындап калган.

КР ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысы улук лейтенант Н.Кулмаматов 2017-жылдын 16-апрель күнү саат 07:30да аталган аймакка жеринде тактоо иштерин жүргүзү үчүн жөнөп кетти.

Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий