• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Нарын шаарындагы жаңы оорукананын курулушу 59% бүткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.10.20. /Кабар/. Нарын шаарындагы жаңы оорукананын курулушу 59% бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарындагы эксперименттик тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу 2020-жылдын август айында башталган. Анын долбоордук кубаттуулугу 70 орунга эсептелген. Курулуш жумуштары “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду” коомдук фондунун эсебинен жүргүзүлүүдө, курулуш башталгандан бери 45 млн сом каржыланды.

Учурда объекттин курулушу 59 пайызга бүткөрүлдү. Подряддык уюм тарабынан жумуштар толук кандуу жүргүзүлүп оорукананын пайдубалы, гидроизоляциясы жана полду бетондоо жумуштары бүткөрүлдү. Ошондой эле чатыры жабылды, сырткы дубалдары пеноблок менен тургузулуп, имараттын сырты менен ичи жылууланды. Андан сырткары терезелери орнотулуп бүттү.

Азыркы учурда пандустар куюлууда, полдор жылууланып, ички дубалдар гипсокартон менен чапталып жатат. Ичүүчү суу жана канализация тармагын орнотуу жумуштары аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий