• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Өзгөндө 4 жашар бала көмөк чордонго кирип, токко урунган

Кырсык 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Өзгөндө 4 жашар бала көмөк чордонго кирип, токко урунган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарындагы Малабеков көчөсүндө жайгашкан №10 турак үйдүн жанындагы көмөк чордонго 2018-жылы туулган Т.М. аттуу жаш бала ичине кирип токко урунган.

Жерине 3 куткаруучу тартылган, бирок куткаруучулар жеткенге чейин, жабыркаган баланы тез жардам кызматкерлери ооруканага алып кетишкен. Абалы орто оор.

Пикир

Оставить комментарий