• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Өзгөндө куткаруучуларга атайын үйрөтүлгөн ит белекке берилди

Коом 0


Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Өзгөндө Республикалык өзүнчө куткаруу отрядына атайын үйрөтүлгөн ит белекке берилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Белгиядан келген 10 айлык (Кира) овчарка породасындагы итти Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну Ташиев Алтынбек Аликович берди.

Белгилей кетсек, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө куткаруучулар менен кошо кем калышпаган өзгөчө чыдамкайлыгы жана жогорку интеллекти менен айырмаланган иттер да аткарышат. Алардын катарында дал ушул Белгиянын овчаркасы да бар.

Салыштырмалуу иттин мурдунда 300 миллион жыт сезүүчү рецептор бар, ал эми адамдарда болгону алты миллион.

"Былтыркы Түркиядагы адам өмүрүн алган жер титирөөдөн кийинки издөө-куткаруу иштеринде да ӨКМдин иттери, анын ичинде куткаруучу “Чипа” да башка иттер кире албаган тереңдиктен уранды астында калгандарды таап, өзгөчөлүгүн көрсөтө алган", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми отряд командири жана куткаруучулар бүгүнкү колдоосу үчүн демөөрчү Алтынбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий