• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Жергиликтүү сотторго биринчи жолу дайындалган судьялар ант беришти

Коом 0

Бишкек, 06.03.24. /Кабар/. Бүгүн жергиликтүү сотторго биринчи жолу дайындалган судьялар ант беришти. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков жана судьялар катышты.

Президенттин биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыктарды чыкты:

  • Берекебаев Адилет Ашымбекович;
  • Өмүралиев Самат Сагынбекович;
  • Советбек уулу Аскат.

Президенттин башка жарлыгы менен төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

— Баткен облусу:

Лейлек райондук соту

  • Советбек уулу Аскат;

— Жалал-Абад облусу:

Тогуз-Торо райондук соту

  • Өмүралиев Самат Сагынбекович;

Токтогул райондук соту

  • Берекебаев Адилет Ашымбекович;

— Ош облусу:

Ош облустук соту

  • Абдымомунова Жамиля Канатбековна;
  • Алимкулов Нургазы Халилович;

— Чүй облусу:

Чүй облустук соту

  • Абдыразаков Өмүрбек Анарбекович;

— Бишкек шаары:

Бишкек шаардык соту

  • Абдураимов Арзыбай Базарбаевич;
  • Азимжанов Мадамин Низамидинович;
  • Бекташов Сүйүнбек Исраилович.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков дайындалган судьяларды куттуктап, берген антка бек турууга чакырды.

Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" КР конституциялык Мыйзамына ылайык, КРнын шайланган же дайындалган судьялары ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышы ант берген күндөн тартып башталат.

Пикир

Оставить комментарий