• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Жүрөк-кан тамыр ооруларын кантип алдын алуу керек?

Ден соолук 0

Бишкек, 11.07.24. /Кабар/. Жүрөк-кан тамыр оорулары дүйнө жүзү боюнча өлүмдүн жана майыптыктын башкы себептердин бири. Жүрөк-кан тамыр ооруларынын ичинен миокард инфаркты жана мээ инсульту адамды өлүмгө алып келиши ыктымал.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, миокард инфаркты жана инсульт жыл сайын жашарууда. 30 жаштагы, ал тургай 20 жаштагы кыргызстандыктар анын айынан өмүрү менен кош айтышууда.

Жүрөк-кан тамыр ооруларынын көпчүлүгүн тамеки чегүү, туура эмес тамактануу жана семирүү, физикалык активдүүлүктүн аздыгы жана алкоголду көп колдонуу сыяктуу коркунуч факторлоруна чара көрүү аркылуу алдын алууга болорун адистер белгилешет.

Жүрөк-кан тамыр оорусу деген эмне?

Жүрөк-кан тамыр оорулары — жүрөк жана кан тамыр тутумунда кездешкен ооруларынын тобу, алардын ичинде эң көп кездешкени:

  • инфаркт - жүрөк булчуңун кан менен камсыз кылган кан тамыр оорусу;
  • инсульт - мээге кан жеткирүүчү кан тамыр оорусу;

Инфаркт жана инсульт курч оорулары негизинен кан тамырлардын бүтөлүп, кандын жүрөккө же мээге өтүшүнө тоскоол болушунун натыйжасында пайда болот.

Тамеки чегүү, алкоголь, туура эмес тамактануу жана семирүү, аз физикалык активдүүлүк жана кан басымынын жогорулашы, кант диабети жана гиперлипидемия сыяктуу тобокелдик факторлорунун айкалышы бул көрүнүштүн негизги себеби болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий