• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

“Жаңы айыл Кыргызстанда” долбоору старт алды

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. “Жаңы айыл Кыргызстанда” долбоору старт алды. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Корея мамлекетинин ортосунда кызматташуунун алкагында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги "Сэмаыль Ундонг" борбору менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан “Жаңы айыл Кыргызстанда” долбоору менен Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облусунун аймактарында айылдарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу боюнча окуу семинарларды өткөрдү.

Семинарда Ысык-Көл жана Чүй облусунун аймактарындагы айыл лидерлери "Сэмаыль" кыймылынын принциптери менен жүзөгө ашырылып жаткан айылды өнүктүрүү боюнча долбоорлорду кантип ишке ашыруу боюнча окутуулар болуп, киреше алып келүүчү долбоорлор жана анын ыкмалары жөнүндө тажрыйба алмашуулар болуп өттү.

Бул долбоор жашоочулардын жалпы жардамы, бирдиктүү кызыкчылыгы менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү “Мен өзүмдүн айылымды өнүктүрөм” деген принциптин негизинде иш алып барышат.

Пикир

Оставить комментарий