Бишкек, 17.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп келген Өскөнбай Жээнбаев ант берди.
"Республика — Ата-Журт" саясий партиясынын тизмесинен шайланган Өскөнбай Жээнбаев буга чейин каттоодон өткөн. Ал Зарылбек Рысалиевдин ордуна депутат болуп келди.
Эскертке кестек, бүгүн, 17-майда Жогорку Кеӊештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулду.
Пикир
Оставить комментарий