• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Жаңы кызматка киришкен Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин биринчи жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 18.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Адылбек Касымалиев президенттин администрациясынын жетекчиси - министрлер кабинетинин төрагасы катары "Ынтымак Ордодо" министрлер кабинетинин биринчи жыйынын өткөрдү.

Анда Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин жаңы дайындалган мүчөлөрүнүн талапкерлигин Жогорку Кеңеш колдоп бергенин билдирип, кызматка киришкендиктерин белгиледи. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаров министрлер таза жана натыйжалуу иштеши керектигин, эгер кимде-ким өз милдетин аткара албаса, эрте эле кызматтан кеткени оң экенин айткандыгына токтолду.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин жыйынында күн тартибиндеги 5 маселе каралды.

Алгачкылардан болуп “Конвейердик транспорту бар көмүр логистикалык борборунун ишин уюштуруу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтом долбоору талкууланды. Жыйында борбордун курулушу менен өлкөнүн экспорттук потенциалы кеңейе тургандыгы айтылды.

Ошондой эле отурумда “2025–2030-жылдарга туризмди туруктуу өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору каралды. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков долбоор 9 артыкчылыктуу багытты камтый тургандыгын белгилеп, туризм тармагында оптимизация, санариптештирүү, экологиялык тең салмакка жетишүү, региондорду өнүктүрүү, саякат боюнча атаандаштыкка жетишүү жана башка багыттарда иштер жүргүзүлөрүн айтты.

Ошондой эле жыйында "министрлер кабинети менен “Базальт Эвотек” ЖЧКсынын ортосунда үзгүлтүксүз базальт буласын өндүрүүчү заводду куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу тууралуу инвестициялык макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө” токтомунун долбоору да талкууланды.

Бакыт Сыдыковдун айтымында, базальт буласын өндүрүүчү заводду куруу боюнча инвестициялык долбоордун суммасы 34 млн долларды түзөт. Ишкана иштеп баштаса жылына 5 миң тоннага чейин базальт өндүрүү пландалууда. Өз кезегинде Адылбек Касымалиев экономикага пайда алып келе турган долбоор колдоого тийиш экендигин белгиледи.

Отурумдун жүрүшүндө, соңку маселе катары “Ош облусундагы Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө” минкабдын токтомунун долбоору талкууланды. Анда 198 гектар жерди трансформация кылуу зарыл экендиги айтылды. Белгиленген жер көп кабаттуу үйлөрдү курууга ыңгайсыз болгондуктан, бир кабаттан турган турак жайларды салуу мүмкүн экендиги каралган.

Тиешелүү иштер аяктаса, айыл аймактын 1300дөй тургуну турак жай менен камсыз болору көрсөтүлүүдө.

Жыйындын соңунда 20-21-декабрда өтө турган Элдик Курултайды уюштуруу жана даярдык көрүү иштери боюнча маалыматтар угулду.

Пикир

Оставить комментарий